2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Сот департаментинин 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча планын карап чыгып, сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бекитти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилди.
Ар түрдүү маселелердин ичинен Нарын облустук сотунун төрагасы Бакиров Кайирдин Бакировичти Судьялар кеңешинин медалы менен сыйлоо маселеси каралды.