KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

28 октября 2023

2023-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Чүй облустук сотунун судьясы Эркебаев Адилет Маматеминовичтин, Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьясы Мамашов Алмаз Абдибалиевичтин жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы Турдумамбетова Индира Таштанбековнанын судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2023-жылдын 13-октябрында аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуштар киргизилди.


Судьялар кеңешинин чечими менен резервден Эркебаев Адилет Маматеминовичтин ордуна Судьялар кеңешинин жаңы мүчөсү – Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Нурбеков Алмаз Турусбекович шайланды, ал Судьялар кеңешинин кийинки чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын курамына киргизилди.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп,  корутундуларын талкуулап, С.М. Кожокматованын даттануусун жарым-жартылай канааттандырган чечим кабыл алды, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ш.Б. Токтосуновго карата эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулуп, Т. Кочиев менен А. Аргинбаевдин даттануулары кайра кайтарылды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин анын өзгөрүшүнө байланыштуу чыгымдар сметасынын чегинде бекитүүгө макулдук берилди.


Судьялык коомчулуктун органдарынын өнүгүшүнө жана иштешине олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери жана 1-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөн күнүнө карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутумунда үзүрлүү жана натыйжалуу эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:



  1.  Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Абдразаков Нурлан Тажибаевич;

  2. Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы – Сот департаментинин директорунун орун басары Рыскулова Джылдыз Джакшылыковна;

    Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Асаналиев Жолдош Асанакунович.

  3. USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун гендердик теңчилик маселелери боюнча координатору/Сот тутумунун көз карандысыздык боюнча компонентинин жетекчиси Касымбеков Алмаз Салмоорбекович.


Милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, иштин натыйжалуу жана жогорку сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин грамотасы менен сыйланышты:



  1. Сот департаментинин Сот актыларын аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо бөлүмүнүн башчысы Осмонов Канат Абдиллаевич;

  2.  Ысык-Көл облусунун улук сот приставы Актилек Рыскулов.


Сот департаментинин Ресурстарды башкаруу башкармалыгынын Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Байбекова Гульзат Райымкуловнага ыраазычылык баракчасы берилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...