KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Сот департаменти жөнүндө жаңы Жобону бекитти

31 октября 2025

2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары Судьялар кеңеши) кезектеги жыйыны болуп өттү, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.


Эксперттик-окуу комиссиясынын корутундуларын талкуулап, Судьялар кеңеши төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү Жобону бекитүү.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2026-жылга карата Окуу планын бекитүү жөнүндөгү маселени кароо берилген материалдарды кошумча изилдөө жана иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу кийинки жыйынга жылдырылды.


Ошондой эле, Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп жана корутундуларын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бир катар чечимдерди кабыл алды. Судьялар кеңешинин кабыл алынган чечимдерине ылайык, төмөнкү судьяларга карата берилген арыздарды канааттандыруудан баш тартылды:


Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Б.Э.Д.;


Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Б.А.К.;


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы К.Б.У.


Судьялар кеңешинин чечими менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га карата чыгарылган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.



     


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...