Бүгүн, 2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Эльмира Байтикованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик-окуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Сот департаменти жөнүндөгү жоболордун долбоорлору, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2026-жылга карата окуу планына тиешелүү маселелер киргизилген.
Отурумдун жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү берилген материалдарды изилдеп, жоболордун долбоорлорун, алардын колдонуудагы мыйзамдарга шайкештигин талкуулашты. Уюштуруу жана окуу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуштар каралып, тиешелүү түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар киргизилди.
Кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик-окуу комиссиясы жоболордун долбоорлору жана окуу планы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитүү үчүн корутунду чыгарды.
Жыйынга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Мамбетова жана Окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Зоотбек кызы Акылай, ошондой эле Сот департаментинин директорунун орун басары Канат Осмонов жана Сот департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Максат Талипов катышты.

