Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондук жана Каракол шаардык сотунун судьяларынын судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүн, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин Регламентинин 8-главасынын 11-пунктун жетекчиликке алып, судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган судьялардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 3-сентябрындагы чечиминин негизинде Ысык-Көл облсунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Бекбулатов Айбек Бектурсуновичтин, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Соодонбеков Сабыр Конуратовичтин, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьялары Иманбеков Ильяс Ринатович жана Суранчиев Улан Жекшеналиевичтердин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2021-жылдын 24-августунда аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталды.