Бүгүн, 13-жылдын 2022-майында, Судьялар кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен ЮСАИДдин «Укук-Булагы» долбоорун ишке ашыруучу Кыргыз Республикасындагы «Чыгыш-Батыш Менеджмент Институту» филиалынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.
Аталган Меморандумдун максаты сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, укук үстөмдүгүн илгерилетүү, адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө кызматташуу жана тараптардын ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү үчүн укуктук алкактарды түзүү болуп саналат.
Тараптар кызматташуу эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү, потенциалды өнүктүрүү жана калкка маалымат берүү иштерин камтый турганын макулдашышты.
Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн жана Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.