KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитти

18 мая 2020

2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Мыйзамда судьяларды которуу (ротациялоо) тартиби өзгөртүлгөн. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жергиликтүү соттун судьяларын которуу (ротациялоо) тартиби ал  жөнүндө жобону кабыл алуу менен аныктайт.


2020-жылдын 11-майында Судьялар кеңеши “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бир соттон экинчисине өткөрүп берүү тартибин караштырган жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитти.


Мындай иштер төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: жаш курагына чейин дайындалган судьялардын өз каалоосу; сот кайра түзүлгөндө, анын курамы жана судьялардын штаттык саны өзгөргөндө; судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайларга байланыштуу судьяларды мамлекеттик коргоо максатында; жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын бир сотто он беш жылдан ашык убакыт аткарган учурда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча.


 


Эске салсак, жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...