KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларын карап чыгып, чечим кабыл алды

10 июня 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Баяндаманы угуп, Тартиптик комиссиянын корутундуларын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан чечимдер кабыл алынды.


Тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З.К. Базарбековдун Бишкек шаардык сотунун судьясы Садырбеков Улан Маданбековичке карата чара көрүү жөнүндө сунушун канааттандырып, Судьялар кеңешинин чечими менен эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулду.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары К.Токтакуновдун Ош облустук сотунун төрагасы, учурда Талас облустук сотунун төрагасы Абдылдаев Алмазбек Жолдошбековичти тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушу канааттандырылып, Судьялар кеңешинин чечими менен эскертүү түрүндө тартиптик жаза берилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Сатимкулов Убайдулла Акилбековичти тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Бишкек шаарынын прокурору Р.К. Альчиевдин сунушун канааттандырып, Судьялар кеңешинин чечими менен эскертүү түрүндө тартиптик жаза берилди.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевдин Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы Арзиев Алчибек Муракимовичти жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунушу канааттандырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Арзиев Алчибек Муракимовичти Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отурумуна Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы Үмүт Конурбаева, КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Феликс Абакулов, КР Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы Мирбек Расулов жана Бишкек шаарынын прокуратура бөлүмүнүн прокурору Автандил Абдазов катышышты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...