KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларын карап чыгып, чечим кабыл алды

09 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 09-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларды угуп, корутундуларын талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алды:



  1. Ысык-Көл облусунун тургундары Т.Жаныбековдун, А. Жаныбековдун, С. Джаныбекованын жана А. Карымшаковдун даттанууларын канааттандырып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз райондук сотунун азыркы учурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Энкилбаева Элнура Батырбаевнага карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулган.

  2. Баткен облусунун прокурору Н.Набиевдин сунушун канааттандырып, Баткен райондук сотунун азыркы учурда Талас облусунун Манас райондук сотунун судьясы Жолдошалиев Расул Абдыракмановичке карата алдын ала эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулган.

  3. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Ж. Калыбаевге, Жалал-Абад шаардык сотунун азыркы учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калмамат уулу Алтынбек, А. М. Эсенбаевге карата даттанууларды канааттандыруудан баш тартылды.

  4. Бишкек шаарынын Октябрь районунун судьясы Б.А. Сарыбаевдин эскертүү түрүндөгү тартиптик жазаны алып салуу жөнүндөгү арызын канааттандырды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...