KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши сот органдарынын иши жөнүндө отчетту жана сот тутумунун 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматты укту

26 февраля 2023

2023-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун 2022-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматы, ошондой эле «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын пункттарын аткаруу боюнча отчету угулуп, сын-пикирлерди жана сунуштар менен эске алынды.


Андан соң, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин,  Сот департаментинин жана «Адилет сот»  маалыматтык технологиялар мекемесинин 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жана аталган жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча, ошондой эле, «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча отчеттору угулду. Сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун аталган органдарынын отчеттору кабыл алынды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2023-жылга карата окутуу планы бекитилди. Белгилей кетсек, буга чейин Судьялар кеңешинин Бюджеттик жана Окуу-эксперттик комиссиялары сот тутумунун органдарынын маалыматтарын жана отчетторун карап, изилдеп чыгып, өз корутундуларын беришкен.


Ошондой эле, Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берилди.


Отурумга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын башчысы – Кубанычбек Алыбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы – Канат Курманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору – Элмира Байтикова, Сот департаментинин директору – Медербек Сатыев, директордун орун басарлары – Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова, ресурстарды башкаруу башкармалыгынын башчысы – Курулуш Усоналиев, сот актыларын аткарууну камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын башчысы – Максат Мойноков, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчиси – Рустамбек Шабыев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Сулайман Мыкыев жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу – Гүлзат Байбекова катышышты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...