2022-жылдын 21-июнунда узакка созулган оорудан улам Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Алымкулов Айдарбек Бекишович дүйнө салды.
Ал 1973-жылдын 18-апрелинде Нарын шаарында туулган.
1995-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда иштеген.
2010-жылы Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы болуп дайындалган.
2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын инспектору болуп иштеген.
2015-2020-жылдары Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кызматында иштеген.
2020-жылдан азыркы учурга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болгон.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши үй-бүлөсүнүн, туугандары жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөт.