KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу анын төрагасын кайрадан шайлашты

11 мая 2020

«Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өз курамынын ичинен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.


2020-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отуруму болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин учурдагы Төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жаңы Төрага жана анын орун басарын шайлоо маселеси каралды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен, Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович Судьялар кеңешинин төрагасы, Чинара Идрисовна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат жана Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...