2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин атайын эсебинин 2022-жылдын сметасын жана 2023-2025-жылдарга долбоорун бекитүүгө (тиркемеге ылайык) макулдук берди.
Бишкек шаардык сотунун судьясы А.Д. Рыбалкина жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Демин С. Н. жумушчу топтун курамынан чыгарылды.
Ал эми «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү» жаңы Мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов киргизилди.