KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

10 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, сын-пикирлер жана сунуштар менен өз макулдугун берди.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын  5-апрелиндеги буйругу менен түзүлгөн административдик соттордо судьялардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча жумушчу топтун корутундусун карап чыгып, сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жалпы юрисдикциядагы соттордо судьялардын штаттык санын кыскартуунун эсебинен административдик соттордо судьялардын штаттык бирдиктеринин санын көбөйтүүгө макулдугун берди (Бишкек шаарынын административдик сотуна – 2 штаттык бирдик, Чүй облусунун административдик сотуна – 2 штаттык бирдик, Ош облусунун администрациялык сотуна – 1 штаттык бирдик жана Жалал-Абад облусунун административдик сотуна – 1 штаттык бирдик).


Ошондой эле, бүгүн 2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Сотторду башкаруу жана соттордо иштерди активдүү жүргүзүү боюнча эл аралык эксперт, сотторду өркүндөтүүнүн эл аралык системасын түзүүчүлөрдүн бири ПИМ Альберс менен жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууда ПИМ Альберс сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуунун эл аралык системасы, чет өлкөлөрдүн сот ишмердүүлүгүндөгү оң жана терс тажрыйбасы, лидерлик жана башкаруу сапаттарынын маанилүүлүгү жөнүндө айтып берип, төмөнкү механизмдер менен бөлүштү: соттордун ишинин сапатын жогорулатуу, судьялардын ишин оптималдаштыруу үчүн сот системасында өз ара аракеттенүүнү түзүү. Эксперттин сөзүнөн кийин катышуучулар аларды кызыктырган суроолорду беришти.


Семинарга Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон жана долбоордун көз карандысыздыгы боюнча Программасынын жетекчиси Алмаз Касымбеков катышышты.


Аталган семинар «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...