KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Бүгүн 2021-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Републикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында бир катар маселелерди карап, алар боюнча чечим кабыл алышты

23 апреля 2021

Кыргыз Републикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында, күн тартибине коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Памирдин Жумагуловдун ээлеген судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу менен бошотуу жөнүндөгү арызын карап, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1 бөлүгүнүн 2-пунктун, 27-беренесинин 2-бөлүгүн жана «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жетекчилике алып, Судьялар кеңеши чечим кабыл алды.


Аталган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Памирдин Жумагуловдун өз каалосу боюнча судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилмекчи.


Мындан тышкары, Ош шаардык сотунун судьясы Кудаяров Жолборс Жээнбаевичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2021-жылдын 17-февралында аяктагандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүн, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Судьялар кеңеши чечим кабыл алды.


Ушул чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине Ош шаардык сотунун судьясы Кудаяров Жолборс Жээнбаевичтин ыйгарым укуктарынын 2021-жылдын 17-февралында аяктагандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотуу сунушталмакчы.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...