Судьялар кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди:
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы — Турдалиев Ниязбек Назаровичке төртүнчү квалификациялык класс;
- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасы — Ибраева Чынара Назарбековнага төртүнчү квалификациялык класс;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы — Токтосунов Шарабидин Бекташовичке бешинчи квалификациялык класс;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы — Калбаев Алмаз Тургуналиевичке бешинчи квалификациялык класс;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы — Накешова Минура Асылбековнага бешинчи квалификациялык класс;
- Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы — Ганиев Жоомарт Махамадисаковичке бешинчи квалификациялык класс;
- Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы — Оторбаева Айзада Жумабековнага бешинчи квалификациялык класс.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Г.Ы. Дыйканбаева, Ош облустук сотунун судьясы Э.Т. Бейсекеев жана Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясы М.Т. Жапаров отурумга келбегенине байланыштуу квалификациялык класс ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизүү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жакынкы жыйынына жылдырылды.