KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин 2022-жылдын 27-майындагы чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди

27 мая 2022

Күндүн экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жыйналышты улантып, күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен 2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди:


Бишкек  шаарынын  Свердлов райондук сотунун судьясы  Байдаева Лейла Алиевнага — бешинчи квалификациялык класс;


Бишкек  шаарынын  Октябрь райондук сотунун судьясы  Карабеков Тимурлан Абдыганыевичке — бешинчи квалификациялык класс;


Чүй облустук сотунун төрагасы  Есекеев Керезбек Суеркуловичке — төртүнчү квалификациялык класс;


Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы  Рыспекова Аниса Рыспековнага — үчүнчү квалификациялык класс;


Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясы  Мамасалиева Мээрим Жумалиевнага — бешинчи квалификациялык класс;


Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы  Мурзаева Гульмира Мурзаевнага — бешинчи квалификациялык класс;


Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы  Акбалаева Нурия Каинбековнага — бешинчи квалификациялык класс;


Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы   Абдрасул уулу Бектурга — бешинчи квалификациялык класс;


Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы   Джунушева Назгуль Турусбековнага — бешинчи квалификациялык класс;


Нарын облустук сотунун судьясы  Султанканов Бактыбек Султанкановичке — төртүнчү квалификациялык класс;


Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районду сотунун судьясы  Бекчалову Кеңешбек Нуржалиловичке — бешинчи квалификациялык класс;


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы  Мойдунову Абдусаламу Абылкасымовичу — бешинчи квалификациялык класс;


Чүй облустук сотунун судьясы  Масабирова Тарифа Жаанбаевнага — төртүнчү квалификациялык класс.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин каты каралып, ал боюнча Судьялар кеңеши тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьясы Тумаева Гүлмира Жыргалбековнанын судьянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2022-жылдын 9-мартында бүткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылуу чечими чыгарылган.


Белгилей кетсек, «Судьялардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1-пунктуна ылайык судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташына байланыштуу токтотулат.


Динеев Мирад Сагынбекович Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу, андан Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөсү катары анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине арыз келип түшкөн.


Судьялар кеңеши Динеев Мирад Сагынбековичтин арызын карап чыгып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөсү катары анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңешке жөнөткөн.


Эскерте кетсек, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына Конституциялык соттун, Жогорку Соттун, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар кире албайт.


«Сот адилеттиги иштери боюнча» Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы түзүлгөнгө чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайларды ижарага алуу боюнча чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө чечим чыгарылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...