KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялардын тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши төмөндөгүлөрдү түшүндүрөт

20 сентября 2021

Судьялардан жана жарандардан келип түшкөн суроо -талаптарга, ошондой эле судьялардын тартиптик жоопкерчилигинин маселелерин кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Судьялар Кеңеши төмөндөгүлөрдү түшүндүрөт.


Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесинде судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин карамагына кароо киргизилген.


Мыйзамдарды 2021 -жылдын 05 -майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүнүн өткөөл мезгилинде. сот тутуму жарандардын, юридикалык жактардын жана башка органдардын судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу (тапшыруу) берүү жана келип түшкөн даттанууларды (сунуштарды) кароо укуктарын камсыз кылууга милдеттүү.


Буга байланыштуу Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын үстүнөн түшкөн даттанууларды (сунуштарды) кароо боюнча ишти баштады.


«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде ушул Мыйзамдын редакциясы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар көрсөтүлгөн Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонула тургандыгы белгиленген.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзам өзүнүн колдонулганга чейин күчүн жоготкон жок, ал эми бул Мыйзамдын 5, 6-главаларынын судьялардын жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген жок.


Ошондой эле «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамы болуп саналат.


Судьялар кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезексиз курултайы бекиткен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентин жетекчиликке алат жана ал  Судьялар кеңешине иштин тартиби жөнүндө ички жоболорду кабыл алууга, өзгөртүүгө  мүмкүндүк берет.


2021 –жылдын 13 -августунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жогоруда аталган мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентине ылайык келген Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинде судьялардын жоопкерчилик маселелерин кароо тартиби жөнүндө убактылуу Жобону бекиткен.


Убактылуу Жобо Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишин уюштурууга багытталган. Анда даттанууларды каттоо жана бөлүштүрүү тартиби белгиленген, Судьялар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан даттануулар боюнча документтерди түзүү мөөнөттөрү , маселелерди талкуулоого киргизүү тартиби жана даттануулар (сунуштар) боюнча чечимдерди кабыл алуу тартиби камтылган.


Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууларды (сунуштарды) кароо боюнча иши мыйзамдуу болуп саналат жана сот процессинин катышуучуларынын жана башка кызыкдар тараптардын укуктарын коргоого жана камсыз кылууга багытталган.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...