KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2020-жылдын 11-майындагы чечими менен Судьялар кеңешинин босого баллды аныктоо боюнча чечими кайрадан жаңыланды

18 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына 2020-жылдын 31-мартында киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу, Судьялар кеңеши конкурстук тандоодон өткөн судьянын талапкерлери үчүн босого баллды аныктагандыгын маалымдайт.


Босого баллды бекитүүнүн максаты — Кыргыз Республикасынын Президентине судьялардын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесине конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген баллдан төмөн болбогон талапкерлерди  киргизүү болуп саналат.


Болбосо, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңеши кесиптик тажрыйбасына карабастан, конкурстук тандоодон өткөн бардык адамдарды Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталган талапкерлердин тизмесине киргизүүгө аргасыз болуп келген.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2020-жылдын 11-майындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги конкурстук тандоого катышкан жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынган талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн босого балл 45 балл экендигин аныктаган чечими кайрадан жаңыланды.


Эске салсак, Судьялар кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги Сот кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоонун негизинде 45 баллдан ашкан босого баллды бекитүү жөнүндөгү чечими Судьялар кеңешинин 2019-жылдын 17-майындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин токтотулган.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 13-апрелинде күчүнө киргендиктен, Судьялар Кеңешинин 2020-жылдын 11-майындагы чечими менен 2019-жылдын 17-майындагы кеңештин чечими жокко чыгарылган.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...