KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү

30 января 2023

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 2023-жылдын 27-январында  кезексиз жыйынында баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап чечим кабыл алды:


Х.Ахматжановдун даттануусун канааттандырып Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Ө. Абдыкаровго карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду.


Ош облусунун прокурорунун сунушу боюнча Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Ө.Абдыкаровго карата тартиптик жаза колдонуудан баш тартылган, анткени сунуштаманын биринчи пункту боюнча сунуш берилген учурда тартиптик жазаны колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен, ал эми киргизилген сунуштаманын экинчи пункту боюнча баш тартылган, анткени Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши аны тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздер жок деп эсептегендиктен, судья өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши «Укук Булагы» ЮСАИД долбоорунун эксперти Осмонов Айдарбек Касымалиевичке судьялар Кеңешинин Ардак грамотасын салтанаттуу тапшырды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 31-пунктуна ылайык Судьялар кеңешинин жыйналыштары видеоконференц байланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.


Кеңештин отурумуна Судьялар кеңешинин 13 мүчөсү жана алардын ичинен видеоконференция боюнча кийинки 6 мүчө катышты:


Абдразаков Н.Т.

Токтосун уулу К.

Асаналиева А. А.

Султангалиева А. К.

Алимкулов Н.Х.

Даркимбаев Т. К.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...